- Posted on
- Комментарийлер жок
- Билим берүү
Илим менен билимге көпүрө – тил,
Көкөлөткөн адамды тили – деп бил.
Ж. Баласагын
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 35, Кара Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жарыяланган үч айлыктын алкагын утурлай биздин билим ордобузда маданий иш-чаралар, адабий кечелер, ар түрдүү сынактар, ачык сабактар өткөрүлүүдө. Муну менен катар таланты, эмгеги менен элге таанылган адабият, маданият өкүлдөрү менен жолугушууларды да уюштуруудабыз.
24-сентябрда жаш акын, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын вице-президенти Акжол Доранбек уулу менен 9- классынын окуучуларынын жолугушуусу болуп өттү. Окуучулар акынга кызыккан суроолорунан узатып, маектешүү эркин форматта болду. Мыкты суроо берген окуучуларга Акжол Доранбек уулу ыр жыйнактарынан белек кылды.
Окуучулар үчүн, жемиштүү күн тартуулаган мейманыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!