Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрь, 1-декабрь күндөрү Бишкек шаарында, Газпром спорт комплексинде Таяк тартыш боюнча У1 Дүйнөлүк чемпионаты болуп өттү. А.Каниметов атындагы № 1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп лицейинин 10-классынын окуучусу Абдраимова Асема байгелүү 3-орун коло медалдын ээси болду. Эң кызыгы Асема кызыбыз Таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионатынын тандоо туруна 1-жолу катышып, 2-орунду алган. Башкача айтканда спорттун бул түрүнөн кат-кабары жок барып калып, башка спортчуларды таң калтырган. Жыйынтыгында башкы машыктыруучунун купулуна толуп, он күндүк акысыз окуу-машыгууну Ысык-Көлдөн өткөрүп келди.
Таяк тартыш боюнча У1 Дүйнөлүк чемпионатка 21 мамлекеттен (Россия, Кытай, Монголия, Индия, Пакистан, Словакия, Ангола, Грузия, Өзбекстан, Казахстан ж.б.) 205 спортчулар катышты. Чемпионатка Саха-Якутиянын башчысы Николаев А.С., Кыргыз Өкмөттүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов жетектеген мүчөлөрү катышты жана Дипломдорду, медалдарды, белектерди тапшырышты. Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча Кубокту 1-орун Россия спортчулары, 2-орун Кыргызстан, 3-орун Монголия алды. Асема кызыбызды жана башка чемпиондорду куттуктайбыз, сыймыктанабыз.
Келечекте Таяк тартыш спортун өзүбүздүн мектепте жайылтып, чемпиондорду чыгарабыз деген ойдобуз. Кудай тилегибизди кабыл кылсын!

2 Комментарий

Комментарий калтырыңыз