А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде комуз күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Анда окуучулар комуз чертип, комуздун келип чыгышы, жасалышы, түрлөрү боюнча маалыматтар берилди. Комуз экме жана жапайы жыгачтардан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал алмурут) өңдүү формада чабылып, моюну ичкерип кетет. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган Комуз бек жана добуштуу болот. Комуздун жалпы уз. 75 см чамалуу. Комуз турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Эки четки кылы унисондо, ортоңкусу четкиге карай квинтага же квартага толгонот. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалат.

Кыргыз комузу-бул жөн эле музыкалык аспап эмес, бул — адамдын ички дүйнөсүнүн тарыхый абалын айтып турган музыкалык баяндамачы. Ошондуктан комузду биле жүрөлү, акылга түйө жүрөлү!!!

Комментарий калтырыңыз