2025-2026-окуу жылынын бекитилген иш планына ылайык, №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде STEM предметтеринин (математика, физика, информатика, география, химия, биология) декадасынын ачылышы 2025-жылдын 19-январында болду. Атайын иш план бекитилип, ачык сабактар, интеграцияланган сабактар, айлана-чөйрөдөгү уңгужолу багыты боюнча практикалык иштер камтылган. Декада 3-чейректин аягына чейин уланмакчы. Декаданын ачылыш иш чарасындагы предметтик мугалимдердин формасы, атайын түзүлгөн суроолорго жооп алуу кызыгууну жаратты. Декада ийгиликтүү өтсүн.

Комментарий калтырыңыз