№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде так жана табигый предметтеринин декадасынын алкагында 2026-жылдын 27-28-январь күндөрү STEM предметтери: математика, информатика, физика, химия, биология, география боюнча мектеп олимпиадасы болуп өттү. Олимпиаданын 1-туруна 10-11-класстын 27 окуучусу катышып, теориялык билимдерин жазышты. 2-турга өткөн 6 окуучу химия, физика предметтеринен лабораториялык иштерди көрсөтүштү. Калган предметтерден практикалык иштер болду. Декаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө атайын дипломдор жана белектер тапшырылмакчы. STEM предметтеринин мугалимдерине, мектеп администрациясына терең ыраазычылык.

Комментарий калтырыңыз