Озон катмарын коргоо күнүн утурлай салтанаттуу линейка өттү. Анда окуучулар Озон катмарынын биздин жашообуздагы мааниси тууралуу айтып беришип, өз билимдери менен бөлүштү. Ошондой эле дубал газеталарды чыгарышты. Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 1994-жылы 16-сентбярды Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү деп жарыялаган.

Озон катмары жерди ультракөгүлтүм нурлардан сактайт. Ал жерден 20-60 км. бийиктикте жайгашкан. Окумуштуулардын иликтөөлөрү боюнча болжол менен жерди 5 миллиард тонна озон курчап турат. Озонду талкалоочулар болуп галогендерди кармоочу газдар – фтор, хлор, бром, йод сыяктуу заттар эсептелет.

Хлордук жана фтордук углеводдор аба катмарында 70-100 жыл жашап, озондун молекулаларын жок кылгандыктан анда тешик пайда болуусу мүмкүн. Эгер озон тешиги пайда болсо, ал аркылуу жерге өткөн ультракөгүлтүм нурлар жердеги жандыктарды, анын ичинде адамды да өлүмгө дуушар кылат.

1 комментарий

  1. Жалпы адамзат коому,жапырт колдоп озон катмарын сактайлы!Окуучуларыбыз озон катмарын сактоо боюнча аз болсо да маалымат алышты.

Комментарий калтырыңыз