Мектепте өткөрүлүп жаткан тарых декадасынын алкагында “Ойнойлу улуттук оюндарды” аттуу саамалык башталды. Окуучулар арасында кыргыздын улуттук оюндарын жандандыруу максатында атайын иш-чара уюштурулду. Балдар кызыгуу менен катышып, кыргыз элинин бай маданий мурастары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максатында мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлөт.