Мугалим дайыма өзүн-өзү өнүктүрүп, замандын талабына шайкеш педагогиканын ар кыл багытында аракеттерди көрүп турушу зарыл. Окуу жылы аяктап калды дебестен мугалимдерибиз «Мугалимдердин методикалык компететенттүүлүгүн өнүктүрүү» 72 сааттык курсун ийгиликтүү аяктап, колдоруна сертификаттарын алышты. Бул курстан компетенттүү мугалим кандай болуш керек? Компетенттүү окуучуну кантип тарбиялап, окутуш керек? Компентенттүү мугалим болуш үчүн кандай методикалык өзгөчөлүктөрдү пайдалануу зарыл? Окутуу-тарбиялоо процессиндеги компетенциялар кайсылар? ПИЗАнын талаптары кайсылар? СТЕМ билим берүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде? Мына ушундай маанидеги зарыл болгон маалыматтар менен педагогикал илимдеринин доктору, профессор Кособаева Бакдөөлөт Махмудовна тааныштырып, курсту жогорку деңгээлде өттү. Б.М.Кособаевага жалпы жамааттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ден соолук, кажыбас кайрат, талыкпаган эмгек кааламакчыбыз.

9 Комментарий

  1. Биздин мектеп ар дайым билим алып, изденүүнү менен алдыга умтулат.

    1. Окуп-өнүгүгө шарт түзүп берген мектеп администрациясына терең ыраазычылык! Алган билимибиз жугуштуу болуп, дагы да билимибизди тереңдетип, өнүгүп өсө берели.

  2. Билимдүү мугалимдер-билимдүү балдарды тарбиялайт. Дагы да талыкпастан, чыгармачылык менен иштей берели. Биздин мугалимдер — мыкты мугалимдер!!!

  3. Заманбап мугалим оз билимин оркундотуп, талыкпай окуп туруусу зарыл. Курсту кюштуруп, жаныланууга шарт тузуп берген мектеп жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз

  4. Ар бир иштин артында ийгиликтер жарала берсин агартуучулар! Баарыныздарга ийгилик!

Комментарий калтырыңыз