23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 9-д классынын окуучулары «Мен мекен сакчысымын» деген темада тарбиялык саат өтүштү. Окуучулар учурдан пайдаланып аталарына каалоо-тилектерин айтышып,ыраазычылык билдиришти.Ошондой эле ар бир бала ата-энелерден алган каттарын окушуп, эмоцияларын жашырышкан жок. Ата-эненин бала учун жазган ар бир сөзү балдарга өзгөчө сезим тартуулады. Ата-энелердин жазган каттарынан балдар дем-күч алышып, келечекке карай кадамды дагы кенен таштай тургандарын билдиришти. Силер ата-эненин, билим тарбия берген эжей-агайларынардын изги тилектерин актайсынар деп ишенем. Кыргызымдын тайманбас,эр журөк,мекенчил жигиттери,майрамынар кут болсун!

Комментарий калтырыңыз