2024-жылдын 4-декабрында билим уябызда “Манас” күнүнө карата класстар аралык “ Манас” айтуу кароо-сынагы болуп өттү. Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына ошондой эле “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, эпосторун жайылтуу жана өркүндөтүү максатында эпосту айтуу үч тилде (кыргыз, орус, англис,) жүргүзүлдү. Окуучуларыбыз эпосту айтууга чыгармачылык менен катышып, өз өнөрлөрүн тартынбай тартуулай алышты.
Жыйынтыгында өнөрлүү окуучуларыбыз грамоталарга ээ болушту.

Комментарий калтырыңыз