2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун “Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөн аталар жөнүндө маек жана “Манас” эпосу жөнүндө маек” темасында ачык сабак өттү. Бул ачык сабак Бишкек шаарындагы №67 мектеп-гимназиясынын базасында уюштурулуп, А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейи түз эфирде онлайн катышты. Ачык сабакта окуучуларга улуттук нарк-насил, кыргыз улутун түптөгөн аталар, алардын эмгектери, мугалимдик чеберчилик тууралуу кызыктуу маалыматтарды бөлүшүү менен бирге окуучулардын тарбиясына таасир калтыруучу турмуштук сабактардан да айтып беришти. “Сүйүнбек Касмамбетов агайдын акыл кеңешин ар дайым жүрөгүбүздө сактап, өлкөбүздү эч качан уят кылбайбыз” деген ниеттерин билдиришти. Бүгүнкү сабак эң жогорку деңгээлде, таасирдүү сабак болду. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.
1 комментарий
Сонун, окуучулардын окууларына ийгилик, кең келечек каалайм🤲
Сонун, окуучулардын окууларына ийгилик, кең келечек каалайм🤲