Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу-2024» сынагы жарыяланган. Спорт, илим-билим, исскуство, бизнес жана активисттик чөйрөдө ийгилик жаратып жүргөн окуучулар өздөрүнүн диплом, грамота, сыйлыктары менен биргеликте, өмүр баянын жана «Кыялымдагы Кыргызстан» темасында эссе жазып, сынактан өтүшкөн.
Сынактан өткөн окуучуга 2024-жылдын 27-март куну Бишкек шаарында 1 күндүк программа (экскурсия, оюн-зоок.б) болуп, аягында I,II,III даражадагы сыйлыктар тапшырылды. Биздин мектептин 10-А классынын окуучулары:
Токтобекова Альбина I даражадагы,
Шаршенова Адель II даражадагы диплом, китеп менен сыйланып,
мыкты окуучулардын катарында болушу биз учун чон сыймык.

Комментарий калтырыңыз