2025-жылдын 9-январында А.Каниметов атындагы № 1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде иш планга ылайык предметтик мугалимдердин көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү болуп өттү.
Иш-чаранын максаты:

  • Билим сапатын жакшыртуу;
  • Көрсөтмө куралдардын сапаты, мазмуну, эстетикасы;
  • Билим берүүнүн ченемдик-укуктук актыларын ишке ашыруу;
  • Мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу;
  • Мугалимдерди моралдык, материалдык жактан колдоо.
    Иш-чараны баамдоо, анализдөө, баалоо үчүн администрация мүчөлөрүнөн жана тарбиячылардан турган атайын комиссиянын курамы бекитилип, критерийлер иштелип чыкты. Жыйынтыгында:
    1-орун 2000 (эки миң) сом – кыргыз тили жана адабияты (Эмилбек к.З.)
    2-орун 1000 (бир мин) сом – математика (Молдогазиев К.)
    3-орун 500 (беш жүз) сом – АчД, дене тарбия (Күрөнкеев Б., Кундузбек у. К.) мыкты деп табылып, байгелерге ээ болду. Сапаттуу билим берүү үчүн бай көрсөтмө куралга ээ болушубуз керек.

1 комментарий

  1. Идеяга бай, креативдүү кесиптештерим баарыныздарга дагы да чыгармачылык эргүүлөрдү жана ийгиликтерди каалайм.

Комментарий калтырыңыз