2024-жылдын 26-апрелинде «Китептин алтын барактарында Бишкегимдин изи бар» темасында иш чара болуп өттү. Иш чара Бишкек шаарынын 146 жылдыгына жана 23-Апрель Эл аралык китеп күнүнө карата кыргыз адабий чөйрөсүнүн алптары менен жолугушуу болду. Алар: Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, котормочу, прозаик
Газыбаева Жумагүл Ысаковна,
Балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл агартуунун отличниги
Кармышаков Аман Нурдинович,
Улуттук «Манас» театрынын директору, «Даңк» медалынын ээси, манасчы
Биймырза уулу Азиз,
Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун «Алтын калем» сыйлыгынын ээси, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу, акын, котормочу
Исмаилов Алтынбек Адылбекович,
Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, Улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны, бир нече ыр жыйнактарынын автору
Турдубек уулу Садырбек,
«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүсү
Акылбек уулу Бакай катышып, окуучулар менен кенен баарлашып, окуучулардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында 180ден ашык китеп чогулуп, жатак мектеп-лицейдин китепканасына өткөрүлүп берилди. Иш чара максатына жетти.

4 Комментарий

  1. Келген үлгүлүү инсандарыбыздын айткан жылуу сөздөрү жугумдуу болсун.

  2. Жакшы саамалык, мындай иш чаралар бир гана китеп күнүндө өткөрүлбөстөн жаш муундарга тарбия ирээтинде уюштурулуп, улуу инсандар менен жакындан таанышып туруу өтө маанилүү.

  3. Кыргыздын мыктылары менен жолугушуу балдарыбызга абдан сонун таасирлерди калтырды. Жакшы саамалыктар көп болуп турсун.

Комментарий калтырыңыз