- Posted on
- Комментарийлер жок
- Билим берүү
2025-жылдын 15-июль күнү 2025-2026-жаңы окуу жылына карата класстарды комплектилөө боюнча окуучуларды кабыл алуу башталды. №1 А.Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинен билим алууну каалагандардын саны абдан көп экендиги, биздин окуу-тарбия процессине болгон талаптын жогору экендигин көрсөтүп турат. Бир күндүн ичинде 100гө жакын каалоочулар арыз берип кетишти. Бул биздин жатак мектеп үчүн зор сыймык. Мугалимдер, тарбиячылар мүмкүн болушунча окутуунун заманбап технологиялары менен сабактарды эффективдүү өтүүгө болгон дараметтерин жумшамакчы. Ар бир кабинет акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар менен жабдылып, окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштер уланат. Кабыл алуу окуу кабинеттери ремонт болуп жаткандыгына байланыштуу фоэде жүргүзүлүп жатат. Кесип — келечек, тарбия — багыт, Билимдүүгө дүйнө жарык.