2025-жылдын 29-август күнү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн урматына күрөш залы салтанаттуу ачылды. Залдын ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Н.У.Курманбеков, Биринчи май районунун башчысынын орун басары Ч.Д.Жаныкеева, Биринчи майонунун Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси М.Б.Мажинова, машыктыруучулар, тарбиячылар, мугалимдер, окуучулар катышты. Лента кесүү аземи Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун уруксаты менен онлайн режиминде ишке ашырылды. Күрөш залы жатак мектептин окуучуларынын сергек жашоо мүнөзүн калыптандырып, таланттуу балдарды өстүрүүгө зор салым кошот деген ниеттебиз. Ушул залдан дүйнөнү дүнгүрөткөн, желегибизди желбиреткен уул-кыздардын өсүп чыгышына жалпы эмгек жамаат тилектешпиз.

Комментарий калтырыңыз