2025-жылдын 22-апрелинде Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринин 10-11-класстарынын окуучулары арасында «Эр Жигит» аттуу спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча спартакиада болуп өттү.
Бул иш-чараны Биринчи май райондук Билим берүү башкармалыгы, Биринчи май райондук аскер комиссариаты, Ички иштер бөлүмү жана Озгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тыгыз кызматташтыкта өткөрдү.
Мелдештин негизги максаты — жаштарды аскердик кызматка даярдоо, патриоттук тарбия берүү, ден соолугун чыңдоо жана спорттук көндүмдөрүн өркүндөтүү болду.
Спартакиадада төмөнкү багыттар боюнча кыл чайнашкан мелдеш болду:

  1. Саптык көнүгүүлөрдү аткаруу;
  2. Турникке тартынуу;
  3. Калашников автоматын чачып-жыюу;
  4. 1000 метрге командалык чуркоо;
  5. Алыска граната ыргытуу;
  6. Ылдамдыкта ок атуу жана 100 метрге чуркоо;
    Жалпысынан 17 команда катышып, бул таймаш кызуу атаандаштыкта өтүп, командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.
    Биздин №1 Абдылда Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинин «Эр жигит» командасы мыкты оюн көрсөтүп, 3-орунду татыктуу ээледи! Бул — биздин окуучулардын аракетинин, эрктүүлүгүнүн, шамдагайлыгын жана машыгуулардагы үзүрлүү эмгегинин жемиши.
    Команда мүчөлөрүн жана машыктыруучуларды бул жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздер биздин сыймыгыбызсыздар! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди багындыра бергиле!

Комментарий калтырыңыз