2026-жылдын 24-февралында 9-а жана 9-б класстарынын катышуусунда “Климаттын өзгөрүшүн жумшартууда негизги жоопкерчилик кимде: БИЙЛИКТЕБИ же ЭЛДЕБИ?”- деген темада география сабагынан дебат болуп өттү.
Дебаттын максаты:

  • Климат маселелерин терең түшүндүрүү;
  • Логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
  • Жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу;
  • ⁠Сүйлөө маданиятын өнүктүрүү;
    Теманын актуалдуулугу:
    Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү дүйнөдөгү эң чоң маселелердин бири болуп калды. Абанын ысышы, кургакчылык, сел жана башка табигый кырсыктар көп өлкөлөргө таасир этүүдө. Ошондуктан климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча негизги жоопкерчилик кимде деген суроо абдан маанилүү.
    Адистердин пикири боюнча, бул маселеде негизги жоопкерчилик биринчи кезекте өкмөттөр жана ири компаниялардын мойнунда. Анткени эң көп көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган тармактар — өнөр жай, энергетика жана транспорт. Ошондуктан мамлекеттер катуу экологиялык мыйзамдарды кабыл алып, кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүшү зарыл.

Ошол эле учурда жарандардын да ролу маанилүү. Коомчулук экологиялык маданиятты өнүктүрүп, энергияны үнөмдөп, жаратылышты коргоого салым кошо алат.

Бул глобалдык экологиялык көйгөйдү биздин мектептин окуучулары терең изилдеп, ойлорун так айтып беришти. Ар бир өкүлдөр өзүнүн позициясын коргоп, жактап бул тема боюнча түшүнүктөрү кенен экенин далилдешти.

Климат маселесин чечүү — бир өлкөнүн эмес, бүт адамзаттын милдети. Бүгүн кабыл алынган чечимдер эртеңки дүйнөнүн келечегин аныктайт.
Климаттын өзгөрүшүн жумшартуу маселесинде жоопкерчилик бир гана тарапка жүктөлбөйт. Бийлик экологиялык саясат жүргүзүп, мыйзамдарды кабыл алып, таза энергияны өнүктүрүүгө шарт түзүшү керек. Ал эми эл күнүмдүк жашоосунда экологияга жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жаратылышты коргоого салым кошо алат деген тыянакка келип токтодук.

Ошондуктан эң туура жыйынтык — бийлик менен коом бирге аракет кылганда гана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуу мүмкүн. Биргелешкен жоопкерчилик жана аракеттер келечек муундар үчүн коопсуз жана туруктуу дүйнөнү камсыздайт.

🌍🌱«Биз Жерди ата-бабаларыбыздан мураска алган жокпуз, аны балдарыбыздан карызга алганбыз»-демекчи, келгиле, климаттын өзгөрүшүн жумшартууга ар бирибиз өз салымыбызды кошуп, бүгүнкү күндөн баштап аракетибизди жумшайлы.

Комментарий калтырыңыз