“Тандоо сенин колуңда: тамеки же ден соолук” деген темада окуучулар арасында иш чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты-окуучуларга тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу маалымат берүү, зыяндуу адаттардан алыс болууга үндөө жана сергек жашоо образын калыптандыруу болду. Эмне үчүн тамекиге “ жок “ деп айтышыбыз керек? деген суроонун негизинде окуучулар тарабынан дубал газеталары даярдалып, анда тамекинин адам ден соолугуна тийгизген зыяны, сергек жашоо образы жана “Тандоо сенин колуңда: тамеки же ден соолук” темасына байланыштуу ураандар, сүрөттөр чагылдырылды.