«Салам мектеп» алдын алуу иш-чараларын алкагында БМЖККК кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин 10-11-классынын окуучулары үчүн «Баңгизаттын адамдын организмине зыяны» жана «Жаштар арасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү жоопкерчилик» темаларында лекция өткөрүлдү.
Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Акылбек Джоробаев окуучуларга баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулардын түшүнүгү жана бангизаттын түрлөрү жөнүндө кенири маалымат берди.
Жашы жете электерди баңги кылмышка тартылуусун алдын алуу темасы козголду, эгерде жашы жете элек өспүрүм кылмыштуу ишке тартылып калган учурда кандай чараларды көрүү зарыл, ошондой эле мындай учурларды болтурбоо үчүн эмне кылуу керек экендигин жөнүндө айтып беришти.
Ошондой эле, кызмат тарабынын даярдалган бангизаттарды «кыстарма» жолу аркылуу жайылтуу ыкмаларын алдын алуу боюнча видеотасма окуучулардын назарына көргөзүлдү. Биз наркоманияга каршыбыз!

Комментарий калтырыңыз