Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептердин окуучулары арасында спорттун бир нече түрү боюнча өтүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинде жатак мектебибиздин балдар командасы 1-орунду, кыздар командасы 2-орунду камсыздап, намысты колдон чыгарышкан жок. Балдар командасынын курамында Темиркулов Нуркожо, Агалыев Байэл, Уметкулов Нурболот ойносо, кыздар командасында Кадырова Рания, Баймурзаева Малика, Жаркымбаева Сумайа. Жатак мектептин тарыхында 1-жолу Бадминтон мелдешине катышып, мыкты көрсөткүчтү камсыздаганы эң чоң жетишкендик десек болот. Машыктыруучу Куренкеев Бактияр Исановичке терең ыраазычылык билдиребиз. Спорт — ден соолуктун, ынтымактын символу.

Комментарий калтырыңыз