«Азия балдары» спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча эл аралык мелдешке 3 окуучубуз катышып, ийгилик жаратып келишти. 4 жылда бир өтүүчү спорттун 22 түрүнөн мелдеш болуп, Якутияда өттү. Биздин мектептен катышкан Байыскулова Адинай 54 кг. салмакта алтын медал, Асылбекова Аяна 50 кг. салмакта күмүш медал, Мээрбекова Жаңылай 39 кг. салмакта коло медалга ээ болуп, намысты колдон чыгарышкан жок. Биз чемпион кыздарыбыз менен сыймыктанабыз. Машыктыруучусу Жуманазаров Дүйшөн агайга терең ыраазычылык билдиребиз.

9 Комментарий

  1. Алга биздин спортчу кыздар! Азаматсынар! Дуйнолук чемпионго жеткиле. Агайдын ишине ийгилик каалайбыз!

  2. Балбан кыздарга ийгилик каалайбыз! Кыргыздын желегин дүйнөгө желбиретип жүрө бергиле! Биздин мектептин- сыймыктары💐

  3. Азаматтар. Алга биздин кыраандар. Дүйнөнүн да мыктысы болооруңарга ишенебиз

  4. Азаматсынар! Куттуктайм! 💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐 Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн! Сыймыктанабыз! Дүйшөн агайга рахмат!

  5. Сыйлыгынар кут болсун!!!,ден соолугунар чын болсун,ийгиликтеринер коп болсун,Кыргыздын желегин желбиреткен кыраан кыздардан болгула!.

  6. Азаматсыңар! Ар дайым силерлин жеңишиңерди гана көрүп жүрө берели, келечекте дүйнө чемпиону болушуңарга тилектешмин!

Комментарий калтырыңыз