Жыл мыктылары боюнча конкурстар өтүп жатат

№1 А.Каниметов атындагы жатак мектепте 25-мартта иш планга ылайык «Мыкты тарбиячы жана окуучу — 2026» кароо-сынагынын ачылышы болду. Кароо-сынакка тарбиячы эжейлер 4 окуучусу менен катышууда. Жобого ылайык 1-этапта окуучулар жат жазуу жазышат, жогорку упай топтогон окуучулардын тарбиячысы 2-этапка өтүп, тест тапшырышат. Тесттен жогорку упай топтогондор […]

«Тайтору» спектаклин көрүп келишти

№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин окуучулары руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Тайтору” спектаклин Манас Улуттук театрынын сахнасынан көрүп келишти. Аталган спектакль мазмуну жагынан терең тарбиялык мааниге ээ болуп, окуучулардын көркөм өнөргө болгон кызыгууларына зор таасирин тийгизди.Спектаклдын […]

Мен мекен сакчысымын

23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 9-д классынын окуучулары «Мен мекен сакчысымын» деген темада тарбиялык саат өтүштү. Окуучулар учурдан пайдаланып аталарына каалоо-тилектерин айтышып,ыраазычылык билдиришти.Ошондой эле ар бир бала ата-энелерден алган каттарын окушуп, эмоцияларын жашырышкан жок. Ата-эненин бала учун жазган ар бир сөзү балдарга өзгөчө сезим […]

Дебат

2026-жылдын 24-февралында 9-а жана 9-б класстарынын катышуусунда “Климаттын өзгөрүшүн жумшартууда негизги жоопкерчилик кимде: БИЙЛИКТЕБИ же ЭЛДЕБИ?”- деген темада география сабагынан дебат болуп өттү.Дебаттын максаты: Ошол эле учурда жарандардын да ролу маанилүү. Коомчулук экологиялык маданиятты өнүктүрүп, энергияны үнөмдөп, жаратылышты коргоого салым кошо алат. Бул глобалдык экологиялык […]

Чылым чегүү өмүрдү кыскартат

“Тандоо сенин колуңда: тамеки же ден соолук” деген темада окуучулар арасында иш чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты-окуучуларга тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу маалымат берүү, зыяндуу адаттардан алыс болууга үндөө жана сергек жашоо образын калыптандыруу болду. Эмне үчүн тамекиге “ жок “ деп айтышыбыз […]

STEM предметтеринен олимпиада

№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде так жана табигый предметтеринин декадасынын алкагында 2026-жылдын 27-28-январь күндөрү STEM предметтери: математика, информатика, физика, химия, биология, география боюнча мектеп олимпиадасы болуп өттү. Олимпиаданын 1-туруна 10-11-класстын 27 окуучусу катышып, теориялык билимдерин жазышты. 2-турга өткөн 6 окуучу химия, физика […]

Тогуз коргоолдон 3-орун

Бишкек шаарындагы мектептер арасында өткөрүлүүчү спорттун бир нече түрү боюнча «Мектеп лигасы» мелдешинин тогуз коргоол боюнча шаардык этабында эркектер курама командабыз 3-орунду камсыздашты. Балдарды мелдешке даярдаган Таалайбек кызы Жүрсүн эжеге чоң ыракмат айтабыз. Балдар биздин сыймыгыбыз.

Улут жүзү — маданият

Бишкек шаарындагы №1 Абдылда Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинде “Мурас “жана “Акыйкат” тайпалары уюштурган “Улут жүзү — маданият” аттуу жолугушуу өткөрүлдү. Иш чаранын кадырлуу коноктору Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гулмира Ташматова жана “Манас “ театрынын директору Нурбек Талантбеков болду.Окуучулар кыргыз элинин […]

STEM предметтеринин декадасы

2025-2026-окуу жылынын бекитилген иш планына ылайык, №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде STEM предметтеринин (математика, физика, информатика, география, химия, биология) декадасынын ачылышы 2025-жылдын 19-январында болду. Атайын иш план бекитилип, ачык сабактар, интеграцияланган сабактар, айлана-чөйрөдөгү уңгужолу багыты боюнча практикалык иштер камтылган. Декада 3-чейректин аягына […]

Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик!

2026-жылдын 13-январында № 1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде «Уңгужолдун таянымдарын айкалыштыруу менен сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү» аталышындагы Биринчи май райондук семинары болуп өттү. Семинарга Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жаныкеева Чынара Доктурбековна, Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын […]