А.Каниметов атындагы ✓1 жалпы орто билим берүүчү жатак-мектеп лицейинин 7-8-9-класстарынын окуучулары 7-Апрель Элдик баатырларды эскерүү күнүнө карата «Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсияга барып келишти . Окуучуларды тарых мугалимдери, 7-8-9-класстарынын класс жетекчилери жана тарбиячылары жетектеп барышты. 7-Апрель окуясында курман болгон баатырлардын, Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө эбегейсиз зор салымын кошкон 138 кыргыз каймактарынын, ошондой эле кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун баш болгон тарыхый инсандардын арбактарына багыштап куран окулду. Окуучулар музейлерди аралап, кызыгуу менен маалыматтарды алып келишти. Экскурсия өз максатына жетти.
Элдик баатырлардын эрдиктери менен окуучулар таанышып келишти.