- Posted on
- 2Комментарийлер
- Билим берүү
2025-жылдын 7-февралында Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде өзгөчө жолугушуу болуп өттү. Белгилүү инсан, төрт тарабы төп келген талант, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков окуучулар менен жолугуп, өзүнүн бала кези, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү менен жакындан бөлүштү.
Иш чаранын жүрүшүндө 6-7-класстын окуучулары Асылбек Өзүбековго таандык ырларды, спектаклден үзүндү аткарышып, каарманды кубанычка бөлөштү. Андан соң окуучулар Асылбек Өзбековго ар кандай суроолорду берип, баалуу жоопторду алышты. Жолугушуу абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.
Жыйынтыктоо сөзүндө мектептин директору Жыргалбек Курманбеков бул сыяктуу жолугушуулар окуучулар үчүн маанилүү экенин белгилеп, Асылбек Өзүбековго терең ыраазычылыгын билдирди.
Бул иш-чара окуучулардын шыктануусун арттырып, алардын келечекке болгон умтулуусун бекемдөөгө чоң салым кошту.
Азаматсыз. Ишиниздерге ийгилик каалайм. 🥰🥰🥰
Жалпы мугалимдер жамаатына рахмат айтам эн жакшы иш чараларды откоруп турушат 👍🏻
Мыкты окуучулар окушат