А. Каниметов атындагы #1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин Коомдук илимдер усулдук бирикмесинин декадасынын алкагында Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 9-класстар арасында тарых сабагы боюнча “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка жалпы 10 окуучу катышып 3 окуучу 1-2-3-орундарды алышты. Таймаштын башында алып баруучу, тарых мугалими Турсуналыева Айкөкүл оюндун максатын жана эрежесин айтып, катышуучуларды тааныштырды.
Оюн Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөнү тууралуу кыскача видео көрүү менен башталды.
Таймаш 5 этапта өттү.
1-этап: Тарых сабагы боюнча тесттик суроолор.
2-этап: Логикалык суроолор.
3-этап: Архитектура.
4-этап: Белгилүү инсандар.
5-этап: Блиц суроолор.
Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды.
1- орунду 9-в классынын окуучусу Сулейманова Айжамал, 2-орунду 9-а классынын окуучусу Аруунов Абдулкайым, 3-орунду 9-г классынын окуучусу Акынбаева Луиза алды.
Жеңүүчүлөргө диплом жана адабий китептер белекке берилди.
Калыстар тобунун төрайымы, Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Корошова Саткынай Молдожановна таймаштын жүрүшү жана катышуучулар жөнүндө сөз сүйлөп, женүүчүлөрдү куттуктап, окуучуларга ийгиликтерди каалап, иш-чараны жыйынтыктады.

2 Комментарий

  1. Окуучуларыбыз дайыма билимдүү, илимдүү, тарбиялуу болушсун. Кудайым тилектерин берсин

  2. Айкөкүл азаматсың!Окуучулар да эң мыкты катышты.

Комментарий калтырыңыз