Кош келиңиниз

 

Биз жөнүндө

Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейи

Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейи тууралуу жалпы маалымат:

Аталган мектептин негизделген жылы- 1956-жыл, ал эми 1992-жылы гимназия статусуна ээ болуп,  2000-жылы 16 жылдан ашык убакыт боюу билим берүү министри болуп иштеген жана билим берүү тармагына эмгеги синген Абдылда Каниметовдун ысымы берилген. А. Каниметов атындагы №1  гимназия – жатак мектеби Кыргыз Республикасынын Президентинин 26.07.1997 жылдагы № 246 – указынын негизинде  малчылардын, тамекичилердин өзгөчөлөнгөн таланты бар айыл жергесинен келген балдар  үчүн ачылган. Окуучулар республиканын бардык аймактарынан келишкен, азыркы учурда окуучулардын саны-314.  Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн гимназиялар үчүн базистик окуу планынын негизинде мектептик компоненттин эсебинен чыгыш тилдери окутулат. Айыл жеринен келген окуучулардын жана ата-энелердин өтүнүчүн жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен 1992-ж. япон. 1999-ж. араб. 2008-ж. тартып кытай тилдери экинчи  чет тили катары 5-класстан 11 – класска чейин окутулат.

01

Ар биро куучунун жөндөмүн табуу жана өркүндөтүү, эртеңки күндүн руханий жактан бай, ден–соолугу чың, эркин, чыгармачыл ойлонуусу күчтүү инсанды тарбиялоо;

02

Орто мектептин курсунда базалык билими терең, жогорку нравалык байлыктарга багыталган инсанды калыптандыруу;

03

Эне тилибизге, туулуп өскөн Атажуртубузга, улуттук маданиятыбызга, элдин тарыхын таанууга, бүгүнкү улуттагдырына ой жүгүртүүгө багыт берүү;

Мектептеги билим берүүнүн негизги максаттары:

Тарыхыбыз

Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейи 1956-жылдын 1-сентябрында ачылган
№1 мектеп-интернаты мугалимдердин IIIсъездиндеги көргөзмөдө. 1960-жыл.
Орус тил мугалиминин М.А.Постнова 4-класстын окуучулары менен ачык сабагы. 1966-жыл.
Окуучу
0 +
Бүтүрүүчүлөр жылына
0 +
Мугалимдер
0
Тарбиячы
0
Кенже тейлөөчү кызматкерлер
0