5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу» күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде окуу-машыгуу иш чарасы болуп өттү. Бул иш чарага педагогикалык педагогдор, окуучулар, бири нече жогорку окуу жайлардын, билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Р.И.Жолдошов куттуктоо менен өлкөбүу кырсыктардан алыс болуп, келечек муун ар дайым даяр турууга, билим алууга, коргоого, сактоо жана жардам берүүгө дайым даяр болуу керектигин айтып өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар катталган учурда коопсуз жайга эвакуациялоо, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык иштерди өз кесибинин профессионалдары гана эмес, биздин мектептин жаш куткаруучулар тобу да жогорку деңгээлде көрсөтүп бере алышты. Бул окуу-машыгуу иш чарачы келгендердин кызыгуусун жаратып, өлкөбүздө кырсык болбосун деген тилектерин айтышты. Иш чаранын алкагында «Жаш куткаруучу-2024» кароо-сынагынын да жыйынтыгы чыгарылып, белектер, грамоталар тапшырылды.
1-орун: №29 жалпы орто билим берүүчү мектеби 2-орун: №54 жалпы орто билим берүүчү мектеби 3-орун А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеби ээ болду. Өз максатына жетти.

1 комментарий

  1. Мектептин жаш муундарын коопсуздук эрежелерин сактоодо,биринчи жардам берууго уйротулгон жакшы иш часа откорулду.Азаматсын Бакияр агай ишинизге ийгилик! 1

Комментарий калтырыңыз