- Posted on
- Комментарийлер жок
- Без рубрики
А. Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицецинде Биринчи май райондук администрациясы тарабынан уюштурулган ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Мында Бишкек шаардынын мэриясынын Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациясынын, Кыргыз Республикасынын ИИМнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын, Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынын, Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун өкүлдөрү келип, ата-энелерге жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча комплекстүү профилактикалык иштерди жүргүзүү керек экендигин түшүндүрүп беришти. Чогулушка катышкан ата- энелер өздөрү кызыккан суроолорду беришип, суроолорго так, түшүнүктүү жооп алышты.